• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

“Локомотив” спорт комплекси кайрымдуулук иш-чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.01.18 /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана майып балдар үчүн дайыма колдоо көрсөтүп келет. Ишканага Бишкек шаарындагы “SOS Балдар айылы” Эл Аралык кайрымдуулук фондусунун филиалынан атайын кат келип түшкөн. Анда ошондой колдоого муктаж балдарга муз тебүүгө уруксаат берүү боюнча өтүнүч жазылган. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, МИнин жетекчилиги катты карап чыгып, атайын токтом менен акысыз муз тебүүгө уруксаат берди.

Эми минтип Ак-Жар, Мурас-Ордо жаңы конушунан 40 бала акысыз муз тээп көңүл ачууга мүмкүнчүлүк алышты.

Эске салсак, “SOS-Кыргызстандагы Балдар айылдары” коомдук фондусу 2017-жылдын 1-январынан тартып, 2020-жылдын 31-декабрына чейин “Үй-бүлөлөрдү бекемдөө: Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көргөзүү” долбоорун жүзөгө ашырып жатат. Долбоор Германиянын экономикалык кызматташтык жана социалдык өнүгүү федералдык министрлиги тарабынан каржыланат.

“Локомотив” муз аянтында кышкы каникул учурунда жалпысынан 500гө жакын балдар акысыз муз тебишти. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мындай кайрымдуулук иш-чараларын мындан ары да өткөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий