CASA-1000: Кыргызстанда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100%га аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100%га аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Ошентип, тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды, же 1243 тирөөч орнотулду.

"Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат, бул иштердин аткарылган көлөмү 76%ды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий