• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облустук сотунда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Чүй облустук сотунда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды, - деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов, төраганын орун басарларынын милдетин аткаруучулар Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадыровалар катышты.

Чүй облусундагы райондук жана облустук соттор тарабынан 2021-жылы каралган иштер боюнча Чүй облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Садырбеков, жарандык иштер боюнча төраганын орун басары Асель Чекирова, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Жыргал Мурзалиева кесиптештерине тааныштырды.

Чүй облусунун райондук соттору тарабынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 26 миң 932 сот иши каралып, 2020-жылга салыштырмалуу 20,09% пайызга көбүрөөк иш каралганы айтылды. Алардын ичинен 2021-жылдын жыйынтыгында Чүй облусунун райондук соттор тарабынан 10 миң 146 жазык иштери жана соттук материалдар каралган.

Чүй облустук сотунун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы 2021-жылдын жыйынтыгында 757 жазык иши (2020-жылы 666 иш) каралгандыгын Улан Садырбеков билдирди.

Чүй облусунун райондук соттору тарабынан жарандык иштер боюнча 2021-жылдын жыйынтыгында 16 миң 786 жарандык иш каралганын ( 2020-жыл 12 910 иш), ал эми Чүй облусунун жарандык иштери боюнча соттук коллегиясы тарабынан 1008 (2020-жылы 863 иш) жарандык иштери каралгандыгы тууралуу Асель Чекирова билдирди.

Ошондой эле административдик иштерге токтоло кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгында 800 административдик иш каралган болсо (2020-жылы 586 иш каралган) ал эми Чүй облусунун административдик иштери боюнча соттук коллегиясы 203 иш карагандыгын Жыргал Мурзалиева билдирди.

Пикир

Оставить комментарий