• 88.68
  • 95
  • 0.95

14-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 14-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10 градус, Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9 гадус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +1...+6, Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11 градус жылуу болот.

14-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 7...9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий