• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Чүй облусунда алты браконьер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Чүй облусунун аймагында жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен алты браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

Кармалган жарандарга жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлүп, 65 000 сом айып салынып, 3 миң сом доо коюлду.

Пикир

Оставить комментарий