Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Чүй облусунда бир жуманын ичинде 9 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктан белгилешкендей, 9-ноябрдан 15-ноябрга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 211 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Анын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу – 9;
- Ылдамдыкты ашыруу – 846;
- Транспорт каражатын документсиз башкаруу – 21. Жалпысынан 52 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий