• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулукта жеке тарапка өтүп кеткен 62 гектар жер “Бишкек машина куруу заводуна” кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Мыйзамсыз жеке тарапка өтүп кеткен “Бишкек машина куруу заводунун” (“БМЗ”) 82,4 млн сомдук 62 гектар жер тилкеси кайра ишкананын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Ново-Павловка айылында жайгашкан акцияларынын 75,8% мамлекетке таандык болгон “Бишкек машина куруу заводу” ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер участогун сатуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө айрым адамдардын укукка каршы жосундарынын натыйжасында бул жердин алуу-сатуу бүтүмүн тариздөө үчүн ишеним катты жасалмалоо жолу менен үчүнчү жактарга мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан “БМЗ” ААК башкармалыгынын мүчөлөрүнүн 2018-жылдагы жыйынынын чечимин жана протоколун, ошондой эле жалпы аянты 62 гектар жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Сокулук райондук сотуна доо арызы берилген.

Соттун чечимдери менен прокуратуранын доо талаптары толугу менен канааттандырылып, алар жараксыз деп табылган.

Жыйынтыгында жалпы баасы 82 млн 460 миң сомду түзгөн аянты 62 гектар болгон жер тилкеси “БМЗ” ААКнун башкармалыгынын чечими менен баланска кабыл алынып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алынды.

Пикир

Оставить комментарий