• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда эр эңиш Федерациясынын президентинин кубогу болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 25-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданда эркин күрөш боюнча федерациянын президентинин кубогу болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Таймашка 7 облустан 40 спортчу чыккан. Алар 5 категорияда: 60 кг, 70кг, 80кг, 90кг га чейин жана 90кг дан жогору.

Жалпы байге фонду 225 миң сомду түздү.

60 кг чейинкилердин арасынан Нарындан келген Жекшен Турдубеков, 70 кг чейинкилердин арасынан Чүй облусунун спортчусу Калыбек Бузурманкул уулу, 80 кг чейинкилердин арасынаннарындык Ислам Бердибек уулу жеңүүчү болду.

90 кг чейинкилерлдин арасынан Талас облусунун балбандары Маратбек Алтымышев, ал эми 90 кг салмактагылардын арасынан Күмүшбек Кыдыралиев жеңди.

Пикир

Оставить комментарий