• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары. Акак Үсөн кызы коло медаль тагынды

Спорт 0

Солигорск, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Акак Үсөн кызы Беларуста өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынында коло медаль тагынды.

Мелдештер Беларустун Жлобин шаарында болуп өттү.

Акак Үсөн кызы 54 кг чейинки салмакта катышкан. 1/2 финалдык беттеште беларустун спортчусуна жеңилип, коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын Самбо боюнча курама командасы КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында жалпы 4 медаль (2 күмүш , 2 коло) жеңди. Буга чейин Кайрат Жусуп уулу жана Жамалбек Асылбек уулу күмүш, ал эми Динара Камчыбекова коло медаль алып келген.

Эскерте кетсек, 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары болуп өттү. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынады.

Пикир

Оставить комментарий