Чүй облусунда KOICA`нын гранттык каражатына агроөнөр жай комплекси курулат

Экономика 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга "Asia Retail" ЖАК жана "Умай Групп" ААКтын өкүлдөрү дагы катышты. Анда Чүй облусунда агроөнөр жай комплексинин курулушу талкууланды.

Белгиленгендей, аталган долбоор KOICA’нын гранттык каражаттары тарабынан каржыланат жана айыл чарба нарк чынжырын бекемдөө аркылуу рынокко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу менен фермерлердин кирешелерин жогорулатууга багытталган.

Данияр Амангелдиев жергиликтүү дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөргө сунушталып жаткан продукциянын сапатын жакшыртуу, ошондой эле соода-логистикалык борборду уюштуруу аркылуу продукцияны үзгүлтүксүз камсыздоо максатында долбоордун кыргыз тарап үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Борбордо продукцияларды сактоо, иргөө жана кайра иштетүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, министр бул борбор өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө чоң роль ойноорун жана буга байланыштуу долбоор ийгиликтүү ишке ашса, масштабдуу пландар бар экендигин кабарлады.

Корей тарап тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирип, долбоор биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, анын ичинде потенциалын жогорулатууга багытталганын белгиледи. Чекене соода ишканаларына товарлар сорттолуп, таңгакталган соода-логистикалык борборлордо суроо-талаптын бар экендиги тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий