Чүй облусунда мыйзамсыз иштеген медресе жабылды

Коом 0


Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Чүй облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Васильевка айылынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Аталган мекеме “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын ченемдерине ылайык, диний ишмердүүлүктү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтпөстөн жүргүзгөн.

УКМК аталган медресенин ишмердүүлүгүн ведомстволор аралык (УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, СЭЦ ) жумушчу комиссия тарабынан комплекстүү текшерүү демилгесин көтөрүп, жыйынтыгында КР мыйзамдарын бузуу аркылуу, дин жана билим берүү тармагында архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормаларды бузуулар катталган.

Аталган медресени Ж.У. аттуу жаран уюштуруп, ал салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы болуп, 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген. Текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок, жашы жете элек 33 бала билим алып жаткандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында материал электрондук маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп, медресе мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

КР УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, буга байланыштуу ар кандай салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатканын белгилейт. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун (каттоосу, уруксат кагаздары жана лицензиялары, окуу планы ж.б. бар) текшерип алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий