• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Чүй облусунда "Ысык-Ата" санаторийи жаңылангандан кийин ачылды – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Чүй облусунда "Ысык-Ата" санаторийи жаңылангандан кийин ачылды.

Реконструкциялоо иштеринен соң пайдаланууга берилип жаткан ден соолукту чыңдоо мекемесинин ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, "Ысык-Ата" санаторийи президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөндөн кийин быйыл оңдоп-түзөө жумуштары жана курулуш иштери башталган.

"Санаторийдин салыктык чегерүүлөрү, Социалдык фондго, электр энергиясына төгүмдөрү жана кызматкерлердин эмгек акысына жалпы суммасы 90 млн сомдук карыздары төлөнүп жоюлду", - деди президент.

Санаторийдин каттоо кеңсеси, 4 ысык булак бассейни оңдолуп, бейтапкана капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бир нече корпустар реконструкцияланып, жаңы эмеректер менен жабдылды.

Ошондой эле футбол, балдар аянтчалары жана 180 көрүүчүнү батыра турган амфитеатр курулду. Мындан тышкары, жаңы 12 А-фрейм үйчөлөрү салынды.

Садыр Жапаров бүгүн күндө өлкөдөгү эс алуу жайларын туура нукка иштетүү зарыл экендигин айтты.

"Биздин ички туризм тармагында бара турган, көрө турган мыкты жайлар көп. Аларды өнүктүрүү үчүн потенциалыбыз жетиштүү. Болгону иштин көзүн таап, туризм багытындагы болгон байлыгыбызды туура нукка иштетишибиз керек", - деди президент.

Белгилей кетсек, "Ысык-Ата" санаторийи 1892-жылдардан баштап иштетиле баштаган. Өлкө эгемендик алган жылдардан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Курулуш иштерине Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоочу фондунан жолдомолорго берилчү каражаттардын эсебинен баш-аягы 450 млн сом сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий