• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чүй облусунда жакынкы күндөрү кошумча 404 орундук даярдалат – Мамбетисаева

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунда жакынкы күндөрү кошумча 404 орундук даярдалат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагынын 4 ооруканасында 109 орундук даярдалган. “Ал жерде 83 бейтап дарыланууда. Жарандарды ыкчам түрдө кабыл алуу үчүн ар бир ооруканада чатырлардан турган стационар түзүлгөн. Ал жерде адамдар алгачкы жардамды ала алат. Ооруканадан сырткары пневмониянын жогорулашынан улам облустун 8 медициналык мекемесинде 498 орундук даярдалган”, - дейт ал.

Мамбетисаева медкызматкер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалганын айтат.

“Медкаражаттардын запасы 2-3 айга жетет. Ошол эле учурда керектүү медкаражаттар келип жатат. Бүгүнкү күндө кошумча орундуктарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. жакынкы күндөрү кошумча 404 орундук даярдалат”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий