Бишкек мэриясы: Чүй проспектисин бойлой жаңы жашыл аянтчалар пайда болот

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Чүй проспектисин бойлой жаңы жашыл аянтчалар пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, бул тууралуу көчмө жыйын учурунда белгилүү болду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын ишин текшерип, анда борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртууга байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.

«Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын алдына келечектеги отургузуу мезгилине кылдат даярдык көрүү, Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу милдети коюлган.

Мэр борбордун мыкты биологдору менен биргеликте Чүй проспектиси боюнча долбоорду даярдоону тапшырды, ал жерге жакын арада ири өлчөмдөгү жаңы өсүмдүктөр отургузулат.

Шаар башчысы жашыл бактарды реновациялоо жана мониторингдөө, ошондой эле бак-дарактарды дарылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Э.Гареев атындагы ботаникалык бак» илимий-изилдөө институту негизги дарак түрү катары карагай, гледичия, эмен, клен, линден, терек, Паллас же крым карагайы, арчаны колдонууну сунуштайт.

Келе жаткан отургузуу мезгили Бишкектин жашыл фонду үчүн өзгөчө болот, анткени көчөттөрдү тандоодо жашылдандыруучуларга көп жылдык тажрыйбасы бар биологдор жардам беришет.

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга Бишкек мэринин турак жай коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев, П.А Гана атындагы Токой чарба институтунун жетекчилери, «Э.Гареев атындагы ботаникалык бак» илим-изилдөө институту, Улуттук илимдер академиясынын биология институту, ошондой эле агрономдор жана «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын жетекчилиги катышты.

Пикир

Оставить комментарий