• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй районунун жергиликтүү бюджетинде 3,7 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 31.05.23./Кабар/. Чүй районунун жергиликтүү бюджетинде 3 млн 791,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү тарабынан Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 3 млн 791,3 миң сом финансылык бузуулар аныкталган анын ичинен:

- жетпей калуулар жана уурдоолор – 3,3 миң сом;

- каражаттары чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 3 788,0 миң сом, анын ичинен:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр –1 514,2 миң сом;

- эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 25,7 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 222,1 миң сом;

- мамлекеттик насыяларды жана бюджеттик ссудаларды максатсыз пайдалануу - 26 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 1 687,1 миң сом, анын ичинен:

- эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 1 412,2 миң сом;

- КРнын өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын кабыл алган чечимдерине байланыштуу, бюджеттин салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 274,9 миң сом;

- Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 282,1 миң сом.

- материалдык баалулуктардын нормативден ашыкча кору жана эсептеги каражаттар – 282,1 миң сомду түзгөн.

Аныкталган финансылык бузуулар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жөнөтүлүп, ал эми Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин материалдары ("Кош-Коргон айылындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин механикалаштырылган тазалоо" объектиси боюнча подрядчы "Сууканалстрой" ЖЧКсы тарабынан иштердин көлөмдөрүнүн 1 101,8 миң сомго жогорулатылган факты боюнча) укуктук баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий