• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Чүйдө 45 жаштагы эки аял сууга чөгүп каза болду (Сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-мартта болжол менен саат 10:45 чамасында 45 жаштагы эки аял сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 11:00дө кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 Аскерлертирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, саат 12:15те КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул тартылган.

“Саат 13:23тө куткаруучулар жана суучулдар тарабынан сууга чөккөн эки аялдын жансыз денелери суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалымат.

Пикир

Оставить комментарий