• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Кырсык 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетүүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет, катуу шамал учурунда:

- унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
- көз айнек кийиниз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий