Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Беш-Терек айылындагы менчик көлмөгө 9-класстын окуучусу чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнда катталган. Жеринде 5 куткаруучу суучул издөө иштерин жүргүзүшкөн. Алар түшкөн кийин саат 16:57лер чамасында өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий