• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте токтоп турган унаанын ичинен жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0


Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бишкекте токтоп турган BMW X6 үлгүсүндөгү унаанын ичинен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, кара түстөгү BMW унаасы эртеден бери “Ак-Эмир” базарынын жанында токтоп турган.

Учурда окуя болгон жерде тез жардам жана милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Москва көчөсүндө унаа токтоп турганын жана унаада болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз жигиттин сөөгү болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Унаанын ичинен 29 жаштагы К.С. атуу жарандын сөөгү табылган.

Аталган факты маалыматтарды каттоо журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий