• 87
  • 90.64
  • 0.85

Чүйдө 96 көмөкчордон техникалык тейлөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Чүйдө 96 көмөкчордон техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 29 даанасы оңдолду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иштер Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан аткарылды.

Көмөк чордондор кызматынын кызматкерлери Чүй облусу боюнча жалпы 125 көмөкчордонду тейлейт.

Алар:

  • 2 даана 500 кВ “Кемин”, “Фрунзе”;
  • 3 даана 220 кВ “Быстровка”; “Чуйская”, “Кара-Балта”;
  • 20 даана 110 кВ;
  • 97 даана 35 кВ көмөкчордондор.

Мындан тышкары, Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди, темир бетон мамычаларын орнотуу, аба чубалгыларын жаңылоо боюнча бир катар иштерди аткарды.

Бул аткарылган оңдоо, техникалык тейлөө иштери Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий