Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Өткөн жумада, 3-майдан 9-майга чейин Чүй облусунун аймагында 3 миң 27 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинде:
- Мас абалында унаа айдоо – 22;
- Катуу ылдамдыкта айдоо – 1 миң 237;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу – 17;
Мындан тышкары, 62 унаа айып аянтчасына киргизилди.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий