• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүйдө браконьер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Чүйдө браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, браконьер министрликтин Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан күн мурун, 21-майда кармалган.

"Кечки саат 21:00 чамасында Мунтокун коктусунан "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, кекиликтер аныкталган".

Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, 10 миң сом айып жана 6000 сом доо коюлду.

Браконьерликке шектүү адам каршылык көрсөтпөстөн күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды толугу менен төлөп берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий