• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Л.И. кайрылып, 22-июлдан 23-июлга караган түнү короосунан белгисиз адамдар бир баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектелип Кемин районунун 1974-жылы туулган К.В. аттуу жашоочусу Кемин РИИБнин тергөө кызматына алынып келген.

Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилди. Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий