Чүйдө Burana Race веложүрүшү өттү — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Чүй облусунда 16-майда спортчулар жана ышкыбоздор арасында 58 чакырым аралыкка Burana Race веложүрүшү өттү. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Жарыштын алдыңкыларына медаль, сертификат жана кепка, футболкалар берилди.

“Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы аталган веложүрүштүн расмий өнөктөшү. Иш-чара калктын сергек жашоо образын жайылтууга жана тамеки, ичимдик, баңгизаттарды жана башка зыяндуу заттарды колдонуу сыяктуу адаттарды жоюуга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий