• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте троллейбустарда санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Мобилдүү топтор коомдук траспортто санитардык эрежени сактоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коомдук транспорттордо санитардын нормаларды сактоо боюнча текшерүү Троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаровдун катышуусунда өттү.

Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү маектешүүлөрү адамдар көп болгон аялдамаларда болуп өттү.

“Шаарда 124 троллейбусту текшерилди, негизинен жүргүнчүлөр бет кап тагынуу режимин сакташпаганы байкалды. Мындай рейддер жумасына эки жолу жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, санитардык текшерүүнүн максаты шаардыктарга бат кап тагынуу режимин жана аралыкты сактоону, колду антисептик менен тазалап турууну эскертип туруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий