• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чүйдө эки жигит акча алмаштыруу жайынан жасалма 8 миң еврону алмаштырып кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Чүй облусунда эки жигит акча алмаштыруу жайынан жасалма 8 миң еврону алмаштырып кетишкен. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 39 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ал күнү болжол менен саат 15:00дө эки жигит акча алмаштыруу жайына келип, жасалма 8 миң евро алмаштырып кеткен.

Келтирилген зыяндын көлөмү 616 миң сомду түзгөн. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Акча каражаттарды жана баалуу кагаздарды жасалмалоо” беренеси менен катталган.

Бул кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы С.Д. аттуу жарандар кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий