Чүйдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо боюнча багыттоочу кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Чүй облусундагы мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо боюнча багыттоочу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Республиканын региондорунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү алкагында “Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлору” программасын масштабдоо процесси башталды.

Кеңешмеге президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө даяр болгон үй тибиндеги балдар бакчаларынын жетекчилери жана потенциалдуу жеке ишкерлер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторун киргизүү тажрыйбасы көрсөтүлдү жана республиканын региондорунда мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо боюнча мындан аркы чаралар айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүп, “Өкмөттүк акселераторлор” программасын масштабдоо боюнча иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыкты.

Этап-этабы менен республиканын башка облустарында да көчмө багыттоочу кеңешмелер өткөрүлөт.


Маалымдама: Өкмөттүк акселераторлордун алкагында турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий