Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Чүйдө каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июлда Чүй районунун Садовое айылында Чоң Чүй каналына 66 жаштагы М.Т. аттуу эркек түшүп кеткен.
11-июлда издөө иштерин улантуу максатында 28 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00дө убактылуу токтотулган.
Ошол эле күнү саат 23:00дө маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган.
Пикир
Оставить комментарий