• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Чүйдө коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар өткөрүүлүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюштурулган иш-чараларга билим берүү системасынын өкүлдөрүнөн тышкары Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар да катышууда.

Жолугушууларда көп көтөрүлгөн маселелердин бири коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында ар бир бала бакчада видео көзөмөл жүргүзүү маселеси болду.

Белгилей кетсек, өлкөнүн билим берүү уюмдарында зомбулуктун бардык формаларынан коргоого жана алдын алууга, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин ар кандай түрүнөн, ошондой эле дене бойлук жана психологиялык зомбулуктан сактоого шарт түзүү максатында билим берүү кызматкерлери үчүн комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий