Чүйдө мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү май саткан ири кампа аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 4-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу майларды саткан ири кампа табылды. Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий