Чүйдө сарайдагы 223 бука күйүп кеткен өрттө эки адам ууланып, ооруканага жеткирилген

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында мал багылуучу эки кабаттуу сарай толугу менен өрттөнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттөн 25 миң түк чөп жана 223 бука күйгөн. Тилсиз жоо болжол менен 3 миң 500 чарчы метрди каптаган.

Кырсыктын кесепетинен №8 куткаруу бөлүмүнүн техник айдоочусу Бакыт Майрамбек уулу жана практикалык даярдоо курсун өтөп жаткан Данил Тынышбеков көмүртек кычкылы менен ууланып, №4 Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда үйлөрүнө чыгарылган, абалдары туруктуу.

“Мал сарайдын жанында жанаша жайгашкан кампада жайылган арпа, жүгөрүнү өчүрүүгө жана сарайдын экинчи кабатында жыйылган чөптөрдү өчүрүү менен иш алып барылды. Бүгүн, 19-июлда өрттү толук өчүрүү иштери улантылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий