• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чүйдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лабораторияга бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча көп этаптуу атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери Кыргызстан менен Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүп, Кыргызстандын жана чек арага жакын өлкөлөргө сатууну уюштурган адамдарга карата узак убакыт бою ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Ошентип, июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңгитобунун мүчөлөрү 2003-жылы туулган Д.Н. жана С.Т. кармалышып, алардын унаасынан салмагы 11 кг 750 гр болгон "мефедрон" табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.

Мындан тышкары, жогоруда жарандар жашаган үйүндө "мефедрон" психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн "мефедрон" психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.

Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы кичирайондорунун биринде аталган баңгилабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 кг чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганында айткан.

Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар Бишкек жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган. Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү “экстази” психотроптук каражаты катылган 10 жер табылган.

Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржылоо криптовалюталар аркылуу ишке ашып келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан.

Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 кг ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылып алынган.

Кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 млн сомду (1 млн 875 миң долларды) түзүшү мүмкүн.

Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы "мефедрон", "экстази" жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий