Чүйдө соттор менен прокурорлор жер мыйзамдары жаатындагы окутуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Чүй облусунун сот тутумунун жана прокуратура кызматкерлери үчүн ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери жана алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүсү боюнча окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалым болгондой окутуу Чүй облусунун прокуратурасынын демилегиси менен өттү. Анда облустун аймагындаг актуалдуу болгон жер мыйзамдарынын талаптарын аткарылышы жана доо арыздар боюнча соттук практикадагы актуалдуу маселелер боюнча талкуулар болду.

Аталган тренингке Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Ж.Мурзалиева, облусттук соттун судьясы Б.Толубаева, Чүй облустук административдик сотунун төрагасы Т.Даркимбаев жана облустук прокуратурасынын кызматкерлери катышты.

Тренингдин соңунда мамлекетибиздеги мыйзамдуулукту чыңдоодо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоодо сот системасы жана прокуратура органдарынын максаттары бир экени, андыктан ортодогу өз ара көмөктөшүү, прокуратура органындагы өсүп келе жаткан жаш кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн ушундай форматтагы жолугушуу мындан ары дагы уланаары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий