• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүйдө түлкүгө мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Чүйдө түлкүгө мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

"Ал эки жарандан мыйзамсыз атылган түлкү алынган. Түлкүгө мыйзамсыз аңчылык Чүй облусунун Москва районундагы Широкая участкасында жасалган.

"Аталган жарандарга карата тийиштүү актылар жана протокол түзүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө акчалай айып түнкү убакта уруксат берүүчү документтери жок аңчылык кылгандыгы үчүн салынды. Ал эми түлкүнү аткан жаранга карата 6 миң сомго акчалай доо коюлган. Материалдар мыйзам бузуунун бирдиктүү реестрине катталды", - деп айтылат маалыматта.

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынан билдиришкендей, аңчылыктын эрежелерине ылайык түлкүгө аңчылык үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен кийинки жылдын январынын акыркы жекшембисине чейин уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий