• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК: Сот аткаруучу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

2016-жылы аталган Б.Н.М. президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган жана 2021-жылдын 26-июнунда Б.Н.М. президенттин Жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, КР судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде Б.Н.М. чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган.

Ошентип, КР мыйзамдарына ылайык, Б.Н.М. судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргызстандын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.

2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан КР Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.М. аттуу жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий