• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүйдө жашы жете элек кызды ала качууга шектелип 3 жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда жашы жете элек кызды ала качууга шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Жайыл райондук милициясына Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, 17 жаштагы кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген.

Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип 22 жаштагы С.А. жана С.М., ошондой эле 23 жаштагы Ш.Б. аттуу жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери уурдалган кызды ата-энесине кайтарып беришкен.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий