Чүйдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Чүйдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 15:18де очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титрөөнүн очогу Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий