• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бир суткада Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 130 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий