• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулуктагы мунай сакталган жайдан чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагындагы мунай сакталуучу жайдан чыккан өрт саат 18:06да чектөөгө алынды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жерине жалпы 8 күжүрмөн эсеп тартылды.

Андан тышкары, Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, "Кыргыз темир жол" ишканасынан бир өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы тартылган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кырсык бүгүн катталып, төрт адам ар кандай даражадагы күйүк алды.

Пикир

Оставить комментарий