• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте "Амир-Тимур" жана "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерүүгө алышты.

Анын жүрүшүндө, КРнын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 27 ижарачыга эскертүүлөр берилди.

"Амир-Тимур" жана “Керме-Тоо” аймактык башкармалыктарында жайгашкан жалпы 110 жарнама илинген имараттар текшерилип, 20 мыйзамсыз жана эскилиги жеткен жарнактар жеринен алынып салынды.

Ош шаардык мэриясы бул багыттагы текшерүүлөр улантыларын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий