• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо иштери 50%га аткарылды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСнин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 50 пайызы аткарылып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Электр станциялар" ААК аталган ГЭСтин гидроагрегатын реабилитациялоо иштерин башталгандан бери 5 ай өттү.

"Реконструкциялоо журуштарын аткарып жаткан топ тынымсыз иш алып барууда. Жалпылап айтканда Үч-Коргон ГЭСнин 4-ГАсын реконструкция жумуштарынын 50 пайызы аткарылып бүттү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылууда:

  • 4-ГАнын демонтаждоо жумуштары толугу менен аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери;
  • Генератордун статорунда чогултуу жумуштарынын 95 пайызы аткарылып бүттү;
  • Генератордун муздатуу системасынын трубаларын монтаждоо иштери аяктады жана генератордун башкаруу системасын ордуна орнотуу;
  • Өздүк керектөөгө болгон генераторга тиешелүү калкандарды алмаштыруу иштери аяктады;
  • ГА толугу менен демонтаждоо жумуштары аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери кызуу жүрүп жатат;
  • Бүгүнкү күндө генератордун роторун монтаждоо иштери уланууда, ал үчүн жабдуулар алдырылууда;
  • план боюнча августтун аяктарында Т-2 башкы трансформатордун демантождоо иштери башталат;
  • реконструкция жумуштары ийгиликтүү бүтсө Үч-Коргон ГЭСнин №4 ГАсы жаңыланып, кошумча кубаттуулук кошулуп, иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат. Бул өз учурунда ГЭСтин иштөө ишенүүмдүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий