• 87
  • 90.63
  • 0.79

Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке берилди.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, реконструкция иштери станциянын кубаттуулугун жана иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Учурда Үч-Коргон ГЭСинин кошумча кубаттуулугу 20%га жогорулады. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртууга жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүлдү.

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатын жаңылоо 2024-жылдын март айында башталган. Долбоорду CNEEC компаниясы жүзөгө ашырды.

Ал эми алдыга коюлган планга ылайык, 2025-жылы ГЭСтин 3-гидроагрегатын реконструкциялоо башталат. Жаңылануу долбоору аяктаса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарары айтылды.

Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарысындагы эң алгачкы жолу курулган гидроэлектростанция болуп эсептелет. Суу сактагыч Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарында жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 52,5 млн куб метрге жетет. Министрлик 1962-жылдан бери ГЭСте реконструкциялоо иштери болбогонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий