• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо 65 пайызга аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 65 пайызы бүттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Үч-Коргон ГЭСи салынып ишке киргенден бери модернизациялоо иштери ГЭСте биринчи жолу жүрүп жатат.

ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатуу менен бирге иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда.

"Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо" долбоорунун алкагында демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, бүгүнкү күндө монтаждоо иштери жасалууда.

Энергетиктер калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине чейин Үч-Коргон ГЭСинин реконструкцияга берилген гидроагрегатын толук бүткөрүүнү мерчемдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий