• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кара-Суу районунда “Өспүрүм жана өспүрүм түн” аталышындагы иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында "Өспүрүм жана өспүрүм түн" талышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде 2021-2022-жылы окуу жылына карата 16-17-сентябрь күндөрү “Өспүрүм жана өспүрүм түн” аталышындагы иш-чара өттү. Бул иш-чара Кара-Суу РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, милициянын аймактык инспекторлорунун кызматкерлери тарабынан жана билим берүү бөлүмү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлери менен биргеликте жашы жете электер арасында жана аларга карата жасалып жаткан укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, топтошуп мушташуулардын, мектеп рекетчилигине жол бербөө максатында өткөрүлдү.

Мындан тышары, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан кафе ресторан, түнкү барлар, компьютердик клубдар, автоунаа айдоочу жана устаканалар текшерилди. Ошондой эле 1 жаш өспүрүмдүн үй-бүлөлүк турмуш шарты оор болгондуктан Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан №118 Д.Султанов жатак интернат мектебине жайгаштырылды.

Жогорудагы аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча тиешелүү документтер топтолуп, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына жана Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнө сунуш каттары жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий