• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Чөнтөкчүлөрдөн кантип коргонсо болот? Милициянын кеӊеши

Коом 0


Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чөнтөк уурулардан коргонуунун сырлары менен бөлүшөт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, чөнтөктөн уурдоо фактылары көпчүлүк учурда шаарларда жана райондордун борборлорунда басымдуулук кылат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базарларда, эл көп чогулган жерлерде болот. 2021-жылдын 2 айында Ысык-Көл облусунун шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө 17 чөнтөк уурусу жана 97 уюлдук телефондорду уурдоо фактылары катталган. Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болгон.

Ошондуктан, жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңилирээк:
- эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөргө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
- капчыктарыӊыздар кийимиӊиздерден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊизден чыгарбаӊыз;
- уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
- коомдук транспорттордо, жеболбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңуздарга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар;
- көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
- төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз - бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатбай уурдай алышпайт;
- сумкаңыздын сыдырмасы бекитилгендигин текшерип, эл көп жайда өзүңүзгө бекем кысып алып жүрүӊүз;
- эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
- Сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап, турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;
- үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
- капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.
Эгер сиз уурулардын колунан жаьыр тарткан болсоңуз, же болбосо кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо ички иштер органдары менен 102 байланыш телефон аркылуу байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий