Үч округ боюнча депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Үгүт өнөктүгү башталды

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Бүгүн №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт.

Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял.

Жалпысынан мөөнөтүнөн мурдай шайлоого 44 талап катышуу тууралуу арыз берген, анын ичинен 12 талапкер катышуудан баш тартып, 3 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.

Белгиленгендей, үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий