• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

7-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. 7-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-сентярда саат 9.00дөн 21.00гө чейин Масалиев көчөсү - Ч.Айтматов проспекти - Миңжилкиев көчөсү - Сагындыков көчөсү (КТУнун тосмосунун чыгыш тарабы) чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Ч.Айтматов проспектисинин №243 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу бизнес-борбордун кошулушуна байланыштуу өчүрүлөт.

Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинин 97/4 жана 237/1Б жээгиндеги насостук станциялар муздак суудан убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий