• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ч. Турсунбеков: "Кыргыз-чех мамилесинин тарыхынан үлгү алып, жаӊы багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз зарыл"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-май /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Прагадагы расмий сапарынын алкагында Чех Республикасынын парламентинин Депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-чех кызматташтыгынын башкы багыты болгон парламенттер аралык байланыш маселелерин жылуу маанайда талкуулап, көп тармактуу алакалардын келечеги тууралуу сүйлөштү.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков мындай жолугушуулар кызматташтыкты жаӊы деӊгээлге көтөрөрүн белгилеп: "Чехия Кыргызстандын борбордук Европадагы саясий-экономикалык багыттагы тарыхый өнөктөшү. Чехославакиялык жумушчулар түзгөн "Интергельпо" кооперативи өлкөбүздүн өнөр жайынын жана инфратүзүмүнүн пайдубалын түптөгөн. Эки элдин достугуна себепкер болгон ошол бабаларыбыздын кызматташтыгын улантуу бүгүнкү күндүн милдети. Кыргыз эли эки мамлекет алакасын эски тарыхтан үлгү алып, жаӊы багытта өнүктүрүүнү көздөйт", - деди. Ошондой эле аталган кооперативдин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата Өкмөт тарабынан атайын документалдык фильм тартылып жаткандыгын маалымдаган Чыныбай Турсунбеков: "Мунун максаты Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын атын түбөлүккө калтыруу", - деп баса белгиледи.

Андан тышкары, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнөктүрүүгө, бул үчүн парламенттеги тармактык комитеттердин, фракциялардын жана депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды чыӊдоо зарылчыгына токтолушту. Айрыкча, эки өлкөнүн парламенттик аппараттарынын кызматкерлери бири-бири менен тажырыйба алмашып, биргеликте иш алып барса кызматташтык дагы да артаарын билдиришти.

Ал эми соода-экономикалык байланыштар тууралуу кеп козгогон Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чехия тарапты бул жаатта да кызматташууга чакырды. Кыргызстандын 180 миллион калкы бар Евразиялык экономикалык бирликке мүчө экенин жана Европа биримдигинин жалпы преференциялар системасы (ВСП+) макамына да ээлик кыларын айткан кыргыз парламентинин делегация башчысы медицина, билим берүү, маданият, жол куруу жана башка тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болорун эске салды. Өзгөчө энергетикалык багытта кызматташуу эки өлкө үчүн теӊ маанилүү болорун белгилеп, чех инвесторлорун Кыргызстанда иш алып барууга үндөдү.

Ошондой эле парламенттердин башкы милдеттеринин бири экономикалык байланыштарды мыйзамдык жактан колдоого алуу экендигин айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков чех кесиптештерин бул жааттагы Өкмөттөр аралык келишимдерди колдоп кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек Кыргызстандагы парламенттик-демократиялык багыттагы жетишкендиктерге жогору баа берип, Жогорку Кеңешти 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ар тараптуу колдоого жана тажырыйба алмашууга даяр экендиктерин билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө Азия, Европа жана Африканы байланыштырып, дүйнөлүк сооданын өнүгүшүнө өбөлгө болчу "Жаңы жибек жолу" ири долбоорунун алкагында кандай иштерди алып баруу керектиги талкууга алынып, Ян Гамачек бул жаатта да алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду. "Биз тышкы саясатыбыздын багытын Борбор Азияга буруу менен кызматташтыктын жаңы барагын ачууну максат кылдык" - деген Депутаттар палатасынын Төрагасы Кыргызстандын туризм тармагы Чехияны кызыктырарын белгилеп, бул жана башка тармактарда кызматташуу үчүн кош салыкты жоюу жана инвестицияны коргоо тууралуу макулдашууларды бекитип берүүгө кыргызстандык кесиптештерине кайрылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президент Алмазбек Атамбаевге салам жолдогон Ян Гамачек быйыл Астана шаарында (Казакстан) өтө турган "ЭКСПО-2017" иш чарасынын алкагында эки өлкө башчылары жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелер боюнча пикир алмашарынан үмүт артарын билдирди. Муну менен катар кыргыз-чех алакаларынын пайдубалын түптөгөн "Интергельпо" кооперативинин түзүүчүлөрүнө жана жумушчуларына өзүнүн жана жалпы Чехиянын атынан ыраазычылык билдирип коюну өтүндү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган расмий делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Жетигенов, Кубанычбек Жумалиев, Жунус уулу Адыл жана Бахадыр Сулейманов бар.

Пикир

Оставить комментарий