• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанга иш сапары менен Патриарх Кирилл келди

Коом 0

Бишкек, 28-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанга Москванын жана бүт Россиянын Ыйык Патриархы Кирилл келди.

“Манас” аэропортунан аны Бишкектин жана Кыргызстандын Эпискобу Даниил, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Заирбек Эргешов тосуп алышты.

Бүгүн Патриарх Кирилл Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев менен жолугушат.

29-майда Кыргыз-Россия Славян университетинде кыргыз тилине которулган “Эркиндик жана жоопкерчилик” китебинин бет ачары болот.

Ошондой эле, Патриарх Кириллдин Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий