• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстанды өрт боюнча иликтөө жүргүзүп, жалган маалымат таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 16.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Анын маалыматына ылайык, 14-майда КР УКМКнын чек ара кызматынын чек арачылары кызмат өтөө учурунда мамлекеттик чек арага жакын жерде Тажикстандын жаранынын үйү өрттөнүп жатканын көрүшкөн.

Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурунда тажик тарап фактыны ырастап, жарандардын жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн Кыргызстандын чек ара отрядын өлкөнүн аймагына убактылуу алып кетүүнү суранган.

Эртеси, 15-майда чек ара линиясы өткөн жердеги мөмөлүү дарактардын кыйылышы тууралуу тажик ЖМКларынын билдирүүсү боюнча Баткен облусунун Баткен районундагы Кара жергесинде тараптардын чек ара тозотторунун жана чек аралаш аймактарынын айыл башчыларынын жолугушуусу болгон.

Тажик тарап жакында эле белгисиз адамдар тарабынан дарактарды кыюу фактысын далилдей алган эмес.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптын расмий органдарын өрт боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүүгө жана Кыргызстандын жарандарынын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар эендиги жөнүндө жалган маалыматты жайылтууга жол бербөөгө чакырат.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилени турукташтыруунун татаал мезгилинде айрым мамлекеттик органдардын жана Тажикстандын маалымат каражаттарынын мындай билдирүүсү биргелешип кайтарылган чек арадагы чыңалуунун өсүшүнө түрткү болуп, боордош элдердин ортосундагы коңшулук мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн мурда жасалган бардык аракеттерди жокко чыгарат»,-деп айтылат УКМКнын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий